“БАПБ” ЖАК “Элкарт+” картасын ишке киргизди, ал Улуттук төлөм системасынын колдонуучуларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтмекчи.
Негизги жаңылык – “Элкарт+” өнүмүнүн алкагында өнөктөш банктардын бонустары жана артыкчылыктары. Карта онлайн төлөмдөр үчүн пластик түрүндө да, виртуалдык да форматтарда жеткиликтүү, транзакциялардын күчөтүлгөн коргоосу менен жабдылган жана заманбап, саркеч дизайн менен айырмаланат.
Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн “Элкарт+” “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемеси менен интеграцияланган, бул болсо эмитент банкка карабастан системанын бардык карталарын башкарууга мүмкүндүк берет.
“Элкарт+” картасын эки банкта тариздеп алууга болот: “Банк Компаньон” жана “Бакай Банк”. Жакынкы арада өнөктөш банктардын тизмеси кеңейтилет.
Банктар аралык процессинг борбору “Элкарт+” картасын ишке киргизүү Кыргызстандын жашоочулары үчүн накталай эмес төлөмдөрдү дагы да ыңгайлуу, коопсуз жана пайдалуу кылууга багытталган улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы экенин белгиледи.