Меню

Бүгүн, 24-майда, «Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАК менен Монгол Банкынын ортосунда Меморандумга кол коюлду, анын негизги максаты – өлкөлөрдүн каржы секторун санариптик трансформациялоону ишке ашыруу үчүн ишкердик кызматташууну түзүү.

Бул Меморандумдун алкагында төмөнкүлөр пландаштырылууда:

Төлөм жана эквайринг системалары чөйрөсүндө кесиптик билим жана ноу-хау менен алмашуу;
Эки тараптын улуттук төлөм карталарын тейлөөгө өз ара кабыл алууну ишке ашырууда кызматташуу.
Монгол Банкы менен өнөктөштүк санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот, ал эми тажрыйба алмашуу «БАПБ» ЖАКтын Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана инфраструктураны түзүү боюнча милдеттерин натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. эки тараптын улуттук төлөм карталары боюнча төлөмдөрдү жеңилдетүүгө жана көбөйтүүгө жөндөмдүү.

Маалымат үчүн:

Монгол банкы (Борбордук банкы) 1924-жылы түзүлгөн ишкана катары, анын негизги функциялары монгол улуттук валютасы Төгрогдун жүгүртүүсү, соода ишин каржылоо, продукциянын жеткирилишин жана баасын жөнгө салуу, чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредиттерди берүү. Бүгүнкү күндө Монгол банкы акча-кредит саясатын иштеп чыгат жана ишке ашырат, өкмөттүн финансылык ортомчусу катары иш алып барат жана Монголиядагы банктык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө комитети болуп саналат.