Меню

2025-жылдын 31-январында Алматы Digital Forum 2025 алкагында Кыргызстан менен Казакстандын каржы сектору үчүн маанилүү окуя болуп өттү. «Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАК (“БАПБ” ЖАК) жана «Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын Улуттук төлөм корпорациясы» АК кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул документ инновациялык, маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндө биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн негиз болот. Негизги максат – калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн эки өлкөнүн ортосунда интеграцияланган төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү.

 

«Меморандумга кол коюу региондун каржылык экосистемасынын чыңдалышына карай маанилүү кадам болуп саналат. Санариптештирүү доорунда биз өлкөлөрүбүздүн жарандары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз төлөмдөрдү камсыз кыла турган алдыңкы чечимдерди ишке ашыруу үчүн эбегейсиз зор потенциалды көрүп жатабыз», – деп белгиледи «БАПБ» ЖАК директорлор кеңешинин төрагасы Каныкей Жамангулова.

Меморандум инновациялык технологияларды биргелешип ишке ашырууга, финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого негиз түзөт. Эки тарап тең күч-аракеттерди жана технологияларды интеграциялоо эки өлкөнүн каржы системасын өнүктүрүү үчүн жаңы горизонтторду ачат деп ишенет.