«Жетим балдардын укуктары» коомдук фонду балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттарынын, реабилитациялык жана социалдык адаптация борборлорунун тарбиялануучуларын, жетим балдарды жана калктын социалдык жактан аз камсыз болгон аялуу катмарынын балдарын окутуу үчүн түзүлгөн «Улуу мүмкүнчүлүктөрдүн мектеби» адистештирилген билим берүү борборуна жардам берүү өтүнүчү менен «Банктар аралык Процессинг Борборуна» кайрылды. Билим берүү борборуна балдар үчүн окуу куралдары, көркөм адабияттар жана компьютерлер берилди.
Жетим балдарды коргоо фондунун жетекчиси Игорь Беляев өзү балдар үйүнүн мурдагы тарбиялануучусу жана жетим балдардын көйгөйлөрүн өз оозунан билет.
“Бир нече жыл мурун биз бул долбоорду ойлоп тапканбыз жана жакында билим берүү борбору эшигин ачат. “Чоң мүмкүнчүлүктөр мектебинде” балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга англис жана кыргыз тилдери, бычма жана тигүү, программалоо жана компьютердик сабаттуулук бекер окутулат”.
«Улуу мүмкүнчүлүктөр мектебинде» окуунун аркасында студенттер өздөрүнүн ишенимин арттыра турган жана жогорку билим алууга же жакшы жумуш табууга жардам бере турган негизги билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушат.
“БАПБ” ЖАК бул маанилүү социалдык демилгени колдоого катышууга кубанычта болду.