Меню

Компаньон Банк жана Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт) 2025-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин өткөн «Элкарт+ Компаньон = Белектер» акциясынын жыйынтыктарын биргеликте жарыялашты.

Акциянын жүрүшүндө өлкө боюнча миңдеген Элкарт+ карта ээлери күнүмдүк сатып алууларда накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүп, Компаньон мобилдик тиркемесин активдүү колдонушту.

Үчүнчү аралык жана финалдык этаптардын жыйынтыгында жалпысынан 22 жеңүүчү аныкталды.

Финалдык этапта төмөнкү байгелер ойнотулду:

  • Вьетнамга (Фукуок аралы) саякат,
  • Apple iPhone 16 Pro Max смартфону,
  • оюн приставкасы.

Үчүнчү аралык этапта катышуучулар төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:

  • Xiaomi MiPad планшети,
  • Redmi Note 14 смартфону,
  • фитнес-трекер.

Мындан тышкары, дагы 16 кардар акчалай сыйлыктарды алышты — Компаньон тиркемесинде жасалган ар бир 1000 төлөм үчүн 1000 сомдон.

Бул акция заманбап төлөм чечимдери күнүмдүк транзакцияларды кандайча ыңгайлуу жана үнөмдүү кыла аларын, ошондой эле Кыргызстанда накталай эмес төлөм маданиятын өнүктүрүүгө салым кошоорун көрсөткөн ачык мисал болду.

БАПБ (Элкарт) бардык катышуучуларга ишеним жана активдүү катышуу үчүн ыраазычылык билдирет жана жеңүүчүлөрдү татыктуу сыйлыктары менен куттуктайт.