Меню

2025-жылдын 10-июнунда Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясы жана бир катар негизги өнөктөштөр менен биргеликте уюштурган “Кыргызстан: электрондук коммерция аркылуу глобалдык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү (E-GATE)” форуму болуп өттү. Электрондук коммерция глобалдык сооданы тез трансформациялоодо жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн географиялык тоскоолдуктарды жеңүү, жаңы рынокторго чыгуу жана инклюзивдик экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 20дан ашык баяндамачылар жана эксперттер чогулган иш-чарада «БАПБ» ЖАК Башкармалыгынын Төрагасынын милдетин аткаруучу Абдурахманова Дамира Сулаймановна электрондук коммерциянын туруктуу өсүшүн колдоо үчүн Кыргызстандын төлөм инфраструктурасына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтып, компаниянын позициясын билдирди. Ал ошондой эле санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү жана электрондук коммерциянын катышуучулары үчүн алардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча «БАПБ» ЖАК командасы тарабынан көрүлгөн кадамдар жөнүндө айтып берди.

“Электрондук коммерциянын туруктуу өсүшү үчүн төлөм инфраструктурасын системалуу жакшыртуу зарыл. «БАПБ» ЖАК Кыргызстандын төлөм экосистемасынын санариптик трансформациясынын драйвери катары алдыңкы чечимдерди активдүү ишке ашырууда, санариптик төлөмдөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө жана мамлекет, финтех компаниялар, банктар жана мобилдик операторлор менен кызматташууда”, – деп баса белгиледи Дамира Сулаймановна.

Форум аймактык кызматташтыкты чыңдоо, Борбордук Азияда электрондук коммерция интеграциясын өнүктүрүү жана аймактын өлкөлөрү үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча маанилүү кадам болуп калды.