Меню

“Элкарт” Улуттук төлөм системасынын оператору болгон “Банктар Аралык Процессинг Борбору” ЖАК Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагындагы каржы жарманкесине катышты. Жарманке КР Улуттук Банкы тарабынан ар кандай финансы институттарынын өкүлдөрү менен бирге (Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги, коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана камсыздандыруу компаниялары) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин базасында уюштурулган.  Иш-чарада «БАПБ» ЖАКнун баяндамачысы Долбоорду башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эрмекова Эрдиана жарманке катышуучуларына “Элкарт” карталарынын, “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары, ошондой эле бирдиктүү ELQR стандартынын инновациялык өз ара аракеттенүү оператору жөнүндө айтып берди.

Жарманкенин жүрүшүндө борбордогу университеттердин окутуучулары жана студенттери, орто мектептердин окуучулары, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн жеке каржыны башкаруу боюнча билимдерди кеңейтүү максатында каржылык продуктылар жана кызматтар боюнча мастер-класстар жана консультациялар уюштурулду. Иш-чаранын катышуучулары банктык жана микрофинансылык продуктылардын өзгөчөлүктөрү менен таанышып гана тим болбостон, атайын сунуштардан пайдаланып эсеп ачууга жана төлөм карталарын алууга да мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле, каржы жарманкесинин коноктору үчүн кызыктуу түрдө финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган викториналар, сынактар ​​жана оюн-зоок иш-чаралары өткөрүлдү. Сынактардын эң активдүү катышуучулары атайын сыйлыктарга ээ болуп, жалпысынан жарманке 600дөн ашык адамды чогулткан көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, жогорку баага татыды.