Меню

25-май айында Банк Аралык Процессинг Борбору Бишкек Эл аралык Финансы Форумунун өнөктөшү болуп чыкты, анын максаты каржы тармагын талкуулоо, форумдун катышуучуларынын ортосунда бизнес байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү менен тармактык байланышты кеңейтүү болгон.

Иш-чара «Технология. Мүмкүнчүлүктөр. Туруктуу өнүктүрүү», каржы секторундагы инновациялар, накталай эмес төлөмдөр, IT чечимдер, банк продуктулары, ошондой эле жашыл экономикада туруктуу каржылоо маселелерине токтолду.

«БАПБ» ЖАК командасы каржы рыногунда олуттуу роль ойногон продукцияларды иштеп чыгууда жана бүткүл өлкө боюнча бирдиктүү төлөм экосистемасын түзүү менен алектенет. Ошондуктан, компания улуттук төлөм системасынын оператору катары мындай иш-чараларга активдүү катышып, санариптик инструменттердин өнүгүшүнө салым кошууда.