10-майда Кыргызстанда расмий түрдө Улуттук валютабыздын жана Банк кызматкерлеринин күнү белгиленет! Эки майрамдын урматына “Банктар аралык процессинг борбору” («Элкарт» Улуттук төлөм системасынын оператору) банкирлер үчүн «МОЗГОБОЙНЯ-QUIZ – 2024» интеллектуалдык оюнун уюштурду. “БАПБ” ЖАК майрамды өнөктөштөрү менен экинчи жолу ушундай форматта белгилейт. Бул жылы жеңиш үчүн 17 каржы институтунан 85 эрудит ат салышты.
“БАПБ” ЖАК Башкармалыгынын Төрайымы Жамангулова Каныкей Жолучуевна банк тармагынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бардыгына маңыздуу жана кызыктуу оюн, таза мелдеш жана ийгилик каалады!
Оюн бир демде өттү – ар кайсы чөйрөлөрдөн
келген кызыктуу жана күтүүсүз суроолор эч кимди тажатпастан, алдыңкы үч команданы аныктады. Жыйынтыгында курч жана адилеттүү күрөштө «Керемет» банкынын аалымдар командасы 3-орунга, КР Улуттук банкы 2-орунга ээ болуп, жеңүүчү деген наам «Бакай Банк» командасына ыйгарылды.
“Банктар аралык процессинг борборунун” командасы бардык банкирлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт жана чын жүрөктөн аларга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук, кызыктуу долбоорлор, акылман финансылык чечимдерди жана бардык пландарын ишке ашырууда ийгилик каалайт!