“Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК 2023 – жылдын жыйынтыгын чыгарды, ал компания – “Элкарт” Улуттук төлөм системасынын жалгыз оператору (УТС “Элкарт”) жана төлөм карталарынын эмиссиясын ишке ашырган процессинг борбору үчүн абдан ийгиликтүү болду.
Өткөн жылдын ичинде “БАПБ” ЖАК рынокто өзүнүн позициясын бекемдеп, олуттуу натыйжаларга жетишип, төлөмдөрдү натыйжалуу жүргүзүү үчүн заманбап жана инновациялык чечимдерди активдүү ишке киргизди.
2023-жылдын негизги көрсөткүчтөрү.
“Элкарт” Улуттук төлөм системасынын катышуучулары болуп 21 банк, ошондой эле финансылык уюмдар жана албетте Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги саналат.
2023-жылдын аягына 3 миллион 325 миң 123 “Элкарт”картасы жүгүртүүдө. Колдонуучулар бир жыл ичинде 112 миллион 122 миң 841 транзакция жүргүзүп, жалпы суммасы 490 миллиард 194 миллион сомду түзгөн.
ELQR-код аркылуу ички QR-төлөмдөрдү өнүктүрүү.
КР УБдун демилгеси боюнча “БАПБ” ЖАК төлөм рыногунун бардык катышуучуларын бириктирип жана төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү платформа менен камсыз кылуучу, ошондой эле ар кандай төлөм инструменттери аркылуу төлөмдөрдү/которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү ELQR-бирдиктүү улуттук стандарттын QR-кодун иштеп чыкты. Өз ара аракеттенүү операторуна 19 банк жана 32 төлөм уюму кошулду.
QR-коддун жардамы менен 2 млн 150 миң 968 транзакция 3 млрд 242 млн 26 миң 43 сомго жүргүзүлгөн.
Эл аралык кызматташтык.
2023-жылдын июлунда “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК менен Түштүк Кореянын BC Card жана Smartro компаниялары ортосунда уюштуруу келишимине кол коюу аземи болуп өттү, анын максаты сатуучуларды (соода-сервистик ишканаларды), төлөм системаларын жана коммерциялык банктарды бириктирүүчү чөйрөнү киргизүү болуп саналат.
Иш – чаранын жүрүшүндө контактсыз төлөм инструменттери-стикерлер, билериктер жана шакектер көрсөтүлдү. Пластикалык картаны колдонбостон, бир чыкылдатуу менен, алардын коопсуздугунан коркпостон төлөмдөрдү жасоого болот.
“БАПБ” ЖАКтын чогулган өнөктөштөрү жана достору арасында беш билерик жана беш шакек ойнотулгандыгы жагымдуу бонус болду, аларды карталарыңызга байлап, ийгиликтүү колдонсо болот.
Башкармалыгынын төрагасы Каныкей Жамангулова “БАПБ” ЖАК “Элкарт” Улуттук төлөм системасы аркылуу төлөм системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу маанилүү функциясын аткаргандыгын белгилей кетти.
Мындан тышкары, “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК өзүнүн өнөктөштөрүн – банктарды жана төлөм уюмдарын ийгиликтүү жана натыйжалуу кызматташуусу үчүн сыйлады.
Өз сыйлыктарын алышты:
- “Элкарт” контактсыз карталарынын эмиссиясы боюнча Жылдын Банкы – “КОМПАНЬОН Банкы” ЖАК.
- “Элкарт” карталарынын эмиссиясы жана саны боюнча Жылдын Банкы – “РСК Банк” ААК.
- “Элкарт” виртуалдык карталарынын эмиссиясы боюнча Жылдын Банкы – “Бай-Түшүм Банк” ААК .
- 3D Secure технологиясы менен “Элкарт” карталарынын төлөмдөрүнүн саны боюнча Жылдын Банкы – “Кыргыз инвестициялык – кредит банкы” ЖАК.
- “Элкарт” акча которуулары боюнча Жылдын Банкы – “Айыл Банк” ААК.
- “Элкарт Бизнес” карталарын жайылтуу боюнча Жылдын Банкы – “Керемет Банк” ААК.
- “Элкарт” кредиттик карталарынын эмиссиясы боюнча Жылдын катышуучусу – “МКК М Булак” ЖЧКсы.
- “Элкарт” карталарын чыгаруу боюнча тез старт – “Грин Телеком Сервис” ЖЧКсы, ” О!Деньги”.
- Е-commerce өнүктүрүү боюнча Жылдын өнөктөшү – Glovo .
- ELQR активдүү колдонуучулардын саны боюнча Жылдын өнөктөшү – MBANK.
- ССИде ELQR илгерилетүү боюнча жылдын өнөктөшү – “Грин телеком Сервис” ЖЧК, ” О!Акча”.
- ELQR мамлекеттик төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча Жылдын Банкы – “РСК Банк” ААК.
- Санариптик сервистерде төлөмдүн контактсыз ыкмаларын илгерилетүү боюнча Жылдын өнөктөшү – “Кыргызмобайлкомпани” ЖЧК, MEGA Pay.
- “Элкарт Мобайл” кызматтарын өнүктүрүү боюнча Жылдын өнөктөшү – BM Technologies.
Үстүбүздөгү жылы “БАПБ” ЖАКтын мааракеси – компаниянын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы жана албетте, бул иш-чараны иштин мыкты көрсөткүчтөрү менен белгилөө пландалууда.
“БАПБ” ЖАК Башкармалыгынын төрагасы Каныкей Жамангулова компания үстүбүздөгү жылы накталай эмес төлөмдөр чөйрөсүн туруктуулугу жана туруктуу өнүктүрүүнү, мындан аркы ишти жакшыртууга, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга жардам бере турган жабдууларды жаңыртууну улантарын убада кылды. 2024-жылы чоңураак максаттар коюлган жана команда алардан баш тартууга ниети жок!