“Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК өзүнүн жыйырма жылдыгын белгилейт! Кыргызстанда 2024-жылдын 4-августунда ишин баштаган “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК Элкарт Улуттук төлөм системасын түзүп, жыйырма жылдан бери үзгүлтүксүз ишин, толук көз карандысыздыгын жана коопсуздугун сактап келет. Өзүнүн ишинин жүрүшүндө команда өлкөдө калк тарабынан накталай эмес төлөмдөрдүн инфраструктурасын гана курбастан, рынокко ыңгайлуу санариптик кызматтардын бүтүндөй экосистемасын сунуштай алды.
“БАПБ” ЖАК БҮГҮН:
- ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫНЫН ОПЕРАТОРУ (“Элкарт” Улуттук төлөм системасы)
- ПРОЦЕССИНГ БОРБОРУ (эл аралык төлөм карталарын тейлөө)
- ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ ОПЕРАТОРУ (бирдиктүү QR код стандарты)
- ТӨЛӨМ УЮШТУРУУ (заманбап санариптик кызматтар)
- ПЕРСОНАЛАШТЫРУУ БОРБОРУ (ЭЛКАРТ, VISA, MASTERCARD, UPI карталарын чыгаруу)
“БАПБ” ЖАК тын 2004 – 2024-ЖЫЛДАРДА ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:
2004 | «БАПБ» ЖАКтын түзүлүшү |
2006 | «Элкарт» УТС биринчи картасы, биринчи банкомат |
2009 | Биринчи POS-терминал |
2011 | «Элкарт» пенсия картасы |
2012 | «Элкарт» социалдык картасы |
2013 | «Элкарт» мультивалюталык картасы |
2017 | «Элкарт Мобайл» тиркемеси, сash-in функциясы бар банкомат, лоялдуулук программасы |
2018 | «Элкарт» аркылуу P2P которуулар, Интернет-эквайринг, Ош шаарында персоналдык борбор ачуу, Элкарт карталарын толуктоо (Cash2Card) |
2019 | «Мерчант-платформа», «Элкарт» виртуалдык карталары, “Элкарт Бизнес” жана “Элкарт Кредит” карталары; металл эсептер менен байланышкан карталар |
2020 | Контактсыз«Элкарт NFC», «Элкарт Трейд» тиркемеси |
2021 | «Элкарттын» Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусу |
2022 | ELQR (QR код менен төлөө), «Элкарт Pay», «Элкарт 3D-Secure» |
2023 | Билдирүү кызматы, BC Card KG туунду компаниясын түзүү, контактсыз банкомат, ребрендинг |
2024 | Өзгөртүү менен төлөө, төлөм инструменттери |
Жыйырма жылдан бери «БАПБ» ЖАК заманбап технологияларды жана жаңы санариптик продуктыларды ишке киргизип, ар дайым калктын, бизнестин жана мамлекеттин өзгөрүп туруучу муктаждыктарын эске алган так стратегиянын негизинде өз кызматтарынын функционалдуулугун кеңейтип келет. Компания үчүнчү он жылдыкты амбициялуу пландар менен тосуп алууда, аларды ишке ашыруу биздин жарандар үчүн алынган кызматтардан дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү, артыкчылыктарды жана жагымдуу таасирлерди жаратат.
Бардык колдонуучуларга, өнөктөштөргө, акционерлерге жана “Банктар аралык Процессинг Борборунун” жыйырма жылдык ийгилигине катышкандардын бардыгына тандоосу, ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз!