Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз. Банк кызматкеринин жумушу оңой иш эмес, чоң концентрацияны жана кылдаттыкты талап кылат. Банк тармагындагы ар бир кызматкер компаниянын өнүгүшүнө жана өлкөнүн туруктуулугуна салым кошууда.
Сизге жеңил жана кызыктуу иш, сүйүктүү ишмердүүлүгүңүздө ар дайым оң натыйжаларды жана сонун маанай каалайбыз!
1993-жылы 10-майда улуттук валюта сом жүгүртүүгө киргизилип, эгемен Кыргызстандын бардык аймагында расмий төлөм каражаты болуп калды. Бул жылдар аралыгында кыргыз сому өлкөнүн экономикасында жана саясий түзүмүндө мезгил-мезгили менен болгон соккуларга карабастан, өзүнүн туруктуулугун далилдеди.
Бардык кыргызстандыктарга каржылык бакубатчылык, экономикалык туруктуулук жана максаттарына жетүүнү каалайбыз!