Бүгүнкү күндө “Элкарт” пенсиялык картасы Кыргызстандын бардык банктары тарабынан чыгарылат жана алардын ар бири пенсионерлерге кошумча жеңилдиктерди – кэшбэк жана арзандатуулардан тартып депозиттик продуктыларга чейин сунуштоого умтулушат.
Бирок пенсиялык карта пайдалуу болоорун баары эле биле бербейт. Мисалы, “БАПБ” ЖАКтын өнөктөштөрүнүн бири — Бакай Банк — “Элкарт” пенсиялык картасынын ээлерине төмөнкү шарттарды сунуштайт:
- дарыканаларда төлөп жатканда 5% кешбэк;
- 10 000 сомдон ашык каражаттар үчүн 2% кешбэк;
- POS терминалдар аркылуу төлөмдөр жана өлкө ичинде онлайн сатып алуулар үчүн 1% кешбэк;
- өлкөнүн бардык банкоматтарынан накталай акча алууда 0% комиссия.
Пенсиялык карта ээлери үчүн бардык сунушталган бонустар жана тейлөө шарттары тууралуу банктардан, расмий сайттардан же ишеним телефондору аркылуу алдын ала билүү маанилүү. “Элкарт” пенсиялык картасы – бул акчаңызды максималдуу ыңгайлуулукта колдонуу жана күнүмдүк сатып алуулардан акча табуу мүмкүнчүлүгү!
Пенсиялык картаңыздан максималдуу пайда алыңыз!