QR коддорун (ELQR) колдонуу менен накталай эмес төлөмдөр системасы Кыргыз Республикасында 2022-жылдын май айынан бери иштеп жатат жана күн сайын калк арасында популярдуулукка ээ болууда.
2022-жылы QR код аркылуу транзакциялардын саны болгону 7800 болду, 2023-жылы алардын саны 3 миллиондон ашык транзакцияга жеттти. Акыркы жылы гана QR төлөмдөрдү колдонуу 100 эседен ашык өстү. 2024-жылдын февраль айында колдонуучулар жалпы суммасы 1,2 миллиард сомдон ашык 1,2 миллион QR төлөмдөрүн жасашты!
«БАПБ» ЖАК Кыргызстанда бирдиктүү QR-кодду киргизүү боюнча бардык иштерди жүргүздү, ал өлкөнүн каржы рыногунун бардык катышуучуларын банкка же электрондук капчыкка шилтеме жасабастан бирдиктүү төлөм системасына бириктирди. Бул стандарт каржылык мекемелердин жеке QR коддорун бирдиктүү калыпка бириктирүүгө мүмкүндүк берип, аны бардык мобилдик тиркемелерди эч кандай чектөөсүз “окууга” мүмкүндүк берди.
«Биздин командабыз эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбанын жана технологиялардын негизинде түзүлгөн инновациялык чечимдерди өлкөдө ыкчам ишке киргизет», – дейт «БАПБ» ЖАКтын Башкармалыгынын төрагасы Каныкей Жамангулова. – Биздин айрым кошуна кесиптештер өз базарларында универсалдуу QR-кодду пилоттук түрдө киргизүүнү гана пландап жатышканда, бул кызмат Кыргызстанда бир нече жылдан бери жигердүү жана ийгиликтүү колдонулуп келет. Бул өлкөбүз жана командабыз үчүн чоң жетишкендик деп ойлойм».
ELQR аркылуу кантип төлөө керек?
Жаныңызда пластикалык карта болушу шарт эмес – каалаган төлөм уюмунун мобилдик тиркемеси жетиштүү. Банк карталары же накталай акча менен төлөөдө болгондой, төлөм үчүн комиссия жок.
Төлөмдү жөнөтүү үчүн
- Банктык мобилдик колдонмоңузга/электрондук капчыгыңызга кирип, “QR аркылуу төлөө” / “QR төлөм” / “Скандоо” опциясын тандаңыз.
- Камераны алуучунун QR кодуна багыттап, сканерлеңиз
- Керектүү сумманы киргизип, төлөмдү ырастаңыз
- Төлөмдү ырастагандан кийин, акча дароо эсепке которулат жана өтүнмөдө ийгиликтүү төлөм жөнүндө чек/дүмүрчөк түзүлөт.
Төлөмдү алуу үчүн
- Мобилдик колдонмоңузду ачып, Скандоо / Менин QR опциясын тандаңыз.
- Эсепти тандаңыз
- Жөнөтүүчүгө QR кодун көрсөтүңүз же бөлүшүңүз
- Которууну жасагандан кийин, анын келгенин текшериңиз.
Учурда Кыргызстандын каржы рыногунун 20дан ашык алдыңкы катышуучулары, ошондой эле миңдеген соода, тейлөө жана мамлекеттик мекемелер «БАПБ» ЖАК менен активдүү кызматташып жатышат. Кыргызстанда ELQR коддун популярдуулугунун өсүшү бизнес менен жарандар QR төлөмдөрүнүн бардык артыкчылыктарын жана ыңгайлуулугун жогору баалашкандыгын ачык көрсөтүп турат. QR төлөмдөрүнүн жөнөкөйлүгүн жана практикалуулугун эске алуу менен, биз катышуучулардын санынын андан ары кеңейүүсүн жана жүгүртүүнүн өсүшүн ишенимдүү айта алабыз.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН
Quick Response Code (QR коду англис тилинен “тез жооп коду” деп которулган) – бул мобилдик түзүлүштөгү сканердин жардамы менен акча каражаттарын которуу үчүн жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө шифрленген банк реквизиттери менен эки өлчөмдүү штрих-код. Кыргыз Республикасында бирдиктүү QR коду кардарлардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун жана коргоонун бардык эл аралык стандарттарына жооп берген стандарттарга ылайык иштелип чыккан.