Меню

«БАПБ» ЖАК «Элкарт» Улуттук Төлөм Системасынын оператору жана Өзбекстандын улуттук төлөм системасы HUMO өз ара эквайрингди ишке киргизишти.

Бул долбоор эки өлкө ортосундагы нактасыз төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүүгө, сапарларды ыңгайлуураак кылууга жана транс чек аралык каржылык кызматташууну чыңдоого багытталган:
— жарандарга, туристтерге жана мигранттарга — валютаны алмаштырбай жана эл аралык карталарды колдонбостон товар сатып алууга жана нак акча алууга мүмкүнчүлүк түзөт;
— бизнеске — кошумча чыгымдарсыз коңшу өлкөнүн карталарын кабыл алууга шарт түзөт.

Азыркы этапта төлөм жана накталаштыруу Айыл Банк жана MEGA Элкарт карталары боюнча жеткиликтүү.