Урматтуу колдонуучулар!
2025-жылдын 4-июнуна караган түнү саат 01:00дөн 03:00гө чейин «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК өнөктөш кызматтарды жаңыртууга байланыштуу пландуу техникалык иштерди жүргүзөт. «БАПБ» ЖАКтын базасында иштетилген “Элкарт”, VISA, UPI жана MasterCard карталары боюнча транзакциялар, ошондой эле аларды перифериялык банктык түзмөктөрдө тейлөө, онлайн төлөмдөр жана «Элкарт Мобайл» жана «Элкарт Трейд» тиркемелериндеги транзакциялар убактылуу жеткиликсиз болот.
Түшүнүүңүзгө үмүттөнөбүз, алдын ала керектүү транзакцияларды жүргүзүүнү же QR коддору аркылуу накталай эмес төлөмдүн альтернативдүү ыкмасын колдонууну сунуштайбыз.