Процессинг борбору Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү жана аларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн инфраструктураны түзүү максаты менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана республика аймагында иштеп жаткан 11 коммерциялык банктын биргелешкен күч аракетинин аркасында 2004-жылы түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө “БАПБ” ЖАК бардык коммерциялык банктар, төлөм уюмдары жана өлкөнүн финансы системасынын башка катышуучулары менен кызматташып, “Элкарт” Улуттук төлөм системасынын жалгыз оператору жана ELQR Башкы оператору болуп саналат, ошондой эле процессинг борборунун, анын ичинде эл аралык төлөм карталарынын эмитентинин функцияларын аткарат.
Компания калк жана бизнес үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн, ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуучу заманбап төлөм чечимдерин активдүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда.
“БАПБ” ЖАК Кыргыз Республикасындагы төлөм карталарынын өнөр жайынын коопсуздук стандарттары боюнча кеңеши (PCI SSC) тарабынан белгиленген коопсуздуктун эл аралык стандарттарына ылайык үзгүлтүксүз сертификациядан өтүп турган саналуу уюмдардын бири болуп саналат:
- PCI DSS (Payment Card Industry Data Security Standard) — төлөм картасынын маалыматтарын коргоо стандарты
- PCI PIN Security — PIN коддорду иштетүү жана берүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу
- PCI 3DS — онлайн транзакциялар үчүн коопсуз аутентификация
Ошондуктан, жогорку сапат стандарттарын кармануу менен “БАПБ” ЖАК улуттук төлөм инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн, инновациялуулугун жана коопсуздугун камсыздап, Кыргыз Республикасынын финансылык экосистемасынын технологиялык лидеринин статусун ырастайт.