Меню

Сиз өз потенциалыңызды ишке ашырып, бийик максаттарга жетүүнү, ийгиликтүү профессионалдар командасынын мүчөсү болгуңуз келеби, анда биз сизди күтөбүз!

Кызматтык милдеттери:

  • ФТД/ЛПД менен байланышкан кылмыштуу (мыйзамсыз) аракеттерди жасоого Компаниянын жана анын кызматкерлеринин катышуусунун тобокелдигин минималдаштыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
  • Коомдун Директорлор кеңешин үзгүлтүксүз негизде жана/же суроо-талап боюнча комплаенс тобокелдиктерин минималдаштыруу боюнча көрүлгөн ички уюштуруу чаралары жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу. Ошол эле учурда Директорлор кењеши мындай отчетторду берүүнүн башка мезгилдүүлүгүн, бирок ушул пунктта белгиленген жыштыктан кем эмес кошумча белгилей алат, ошондой эле коомдун ишинин айрым багыттары боюнча ички контроль программасынын алкагында көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты кошумча сурай алат;
  • ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу;
  • Компанияда ПФТД/ЛПД максаттары үчүн ички контроль системасын түзүү, анын персоналына/структуралык бөлүмдөрүнө ПФТД/ЛПД максаттары үчүн ички контроль программасын ишке ашырууда мониторинг жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү;
  • Финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка финансылык операцияларга жана контрафакттуулукка каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди жана функцияларды аткарууга көмөк көрсөтүү.

Талапкерге коюлуучу талаптар:

Жогорку билим, артыкчылыктуу экономика жана бизнес жана/же укук;
Финансы-кредиттик уюмдарда жана/же төлөм системасынын операторлорунда/төлөм уюмдарында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, комплаенс-контролдоо бөлүмдөрүндө иш тажрыйбасы артыкчылыктуу.

Биз сизге эмнени сунуштай алабыз:

“Элкартта” FinTech тармагындагы масштабдуу, татаал жана чыныгы кызыктуу долбоорлордо иштөө;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык официалдуу ишке орношуу (оорулуу өргүү, 28 календардык күндүк өргүү);
Татыктуу айлык.

Сизди биздин ынтымактуу компаниянын катарында көргөнүбүзгө кубанычтабыз!

hr@ipc.kg электрондук дарегине 15.08.2025-жылга чейин толтурулган арыз берүүчү анкета жана “Комплаенс боюнча кызматкер” деген резюме тапшырыңыз. Анкетаны www.ipc.kg расмий сайтынан тапса болот («Ишке кабыл алуу процесси» бөлүмүндө).