Меню

Эгер сиз өзүңүздүн потенциалыңызды ишке ашыргыңыз, бийик максаттарга жетүүнү жана ийгиликтүү кесипкөйлөр командасынын бир бөлүгү болгуңуз келсе, анда биз сизди күтөбүз!

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • Экономика, бизнес башкаруу, маркетинг же маалыматтык технологиялар жаатында жогорку билим;
  • Банк, төлөм системалары, FinTech же ушул сыяктуу тармактарда кеминде эки жылдык тажрыйба;
  • Ушул сыяктуу кызматта кеминде үч жылдык тажрыйба.

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик жана методологиялык материалдары, банк мыйзамдары, башкаруу принциптери, ошондой эле акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү;
  • долбоорлорду башкаруу методологиялары;
  • продукцияны башкаруу стандарттары жана принциптери жөнүндө билүү;
  • ченемдик документтерди жүргүзүү жана түзүү эрежелери;
  • бизнес-процесстерди талдоо методдору жана принциптери жөнүндө билүү;
  • экономикалык талдоо, баа түзүү, пландаштыруу жана бюджеттөө негиздерин билүү;
  • финансылык технологияларга тиешелүү санариптик технологиялардын негиздерин жана инновациялык чечимдерди билүү.

Кызматтык милдеттери:

  • Уюштуруу көндүмдөрү;
  • Команда ичинде пландарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууну координациялоо;
  • Расмий сүйлөшүүлөрдү жана кат алышууларды жүргүзүү;
  • Финансылык технологияларга (ФинТех) тиешелүү санариптик технологияларды жана инновациялык чечимдерди, анын ичинде блокчейн, жасалма интеллект, процесстерди автоматташтырууну, ошондой эле төлөм системалары жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр тармагындагы негизги тенденцияларды билүү, иштеп чыгуу процесстерин, куралдарын жана ыкмаларын түшүнүү;
  • Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, семинарларга катышуу, каттарды түзүү жана англис тилиндеги материалдар жана документтер менен иштөө үчүн англис тилин билүү;
  • Адамдар менен жана командада иштей билүү;
  • Команда ичинде санариптик кызматтар боюнча квалификациялуу кеңеш берүү жөндөмү;
  • Нормативдик документтерди, меморандумдарды жана башка документтерди иштеп чыгуу көндүмдөрү;
  • Санариптик жана башка кызмат көрсөтүүлөр рыногунун жалпы абалын изилдөө жана талдоо үчүн иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү көндүмдөрү, анын ичинде атаандаштардын өнүмдөрүн жана кызматтарын өз ара күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо үчүн изилдөө (SWOT анализи);
  • Кардарлардын жана рыноктун муктаждыктарын талдоо жыйынтыктарын эске алуу менен жаңыларын түзүүнү жана учурдагы санариптик кызматтарды өнүктүрүүнү координациялоо;
  • Жаңы жана учурдагы кызматтар үчүн бизнес талаптарын иштеп чыгуу;
  • Санариптик кызматтарды жайылтуу боюнча келишимдерди түзүү үчүн банктар, мамлекеттик уюмдар жана башка кызмат көрсөтүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жана ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;
  • Болжолдоо көндүмдөрүнө, маселени комплекстүү кароого жана көйгөйлөрдү чечүүгө чыгармачыл мамиле кылууга ээ болуу;
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон компьютерлерди жана башка кеңсе жабдууларын колдоно билүү.

Биз сизге эмне сунуштай алабыз:

  • ЭЛКАРТта ири масштабдуу, татаал жана чындап кызыктуу FinTech долбоорлорунда иштөө;
  • КР Эмгек кодексине ылайык расмий жумушка орношуу (оору боюнча өргүү, 28 календардык күндүк өргүү);
  • Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы.

Сизди биздин достук мамиледеги командабызга кош келиңиз деп күтөбүз!

Сураныч, толтурулган арыз формасын жана резюмеңизди “Санариптик кызматтар бөлүмүнүн башчысынын орун басары” деген тема менен hr@ipc.kg дарегине 2025-жылдын 31-октябрына чейин жөнөтүңүз. Арыз формасын www.ipc.kg расмий веб-сайтынан (“Жумушка алуу процесси” бөлүмүнөн) тапса болот.