03 июня 2022

Шылуундардан сак болуңуздар!

Шылуундардан сак болуңуздар!


ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасы интернетте ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесинин фишингдик (жасалма) сайттары пайда болгонун билдирет. Ошондой эле, жасалма баракчалар Элкарт Мобайл логотибин камтыйт жана жарандардын ишенимин жаратуу үчүн чыныгы баракты визуалдык түрдө кайталайт. Алдамчылык схемасы төмөнкүчө: шилтемени басканда кардар автоматтык түрдө жасалма (фишинг) ЭЛКАРТ Мобайл веб-сайтына багытталат, ал жерден логинди, паролду жана уюлдук телефонго жөнөтүлгөн SMS-кодду киргизүү сунушталат. Кардар өзүнүн маалыматтарын киргизгенде, алдамчылар ЭЛКАРТ Мобайл мобилдик тиркемесиндеги профилине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана акчаларды чыгаруу мыйзамсыз операцияларын жасашат.

ЭЛКАРТ Улуттук төлөм системасы Сиздерди сак болууну жана ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесинин веб-версиясы web.elcart.kg, ошондой эле www.ipc.kg жана www.elcart.kg расмий сайтынын аталышынан бир аз айырмасы бар сайттарга кирбөөнү суранат.

Көңүл буруңуздар! Эч качан шектүү сайттарга жана тиркемелерге картаңыздын реквизиттерин, SMS-тастыктоо коддорун киргизбеңиз.

Эгер Сизге сайттарга шектүү шилтемелер жөнөтүлсө, аларды тастыктоо максатында күнү-түнү иштеген Клиенттерди колдоо кызматына +996 (312) 63 76 96 телефону аркылуу чалууну сунуштайбыз!