Меню

2023-жылдын 15-ноябрында «KT Corporation» менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин ортосунда мурдатан кол коюлган кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында BC Card Kyrgyzstan Корея карта индустриясындагы алдыңкы компаниянын өкүлчүлүгүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Биргелешкен ишканаларды уюмдаштыруучулардын бири болуп «БАПБ» ЖАК саналат.

Бул Кыргыз Республикасы менен Түштүк Кореянын ортосундагы эки тараптуу мамилелериндеги чыныгы тарыхый окуя, анткени BC Card Kyrgyzstan туунду конмпаниясынын ачылышы санариптик төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү жана республикадагы накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө түрткү берет.

 

«Биздин өлкөгө көрсөткөн ишеними үчүн BC Card Kyrgyzstanга ыраазычылыгыбызды билдиребиз, ошондой эле өнөктөштөрүбүзгө, Президенттин Администрациясына, Министрликтерге, Өкүлчүлүккө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана бүгүнкү кол коюу салтанатынын өтүшүнө салымын кошкон адамдардын баарына ыраазычылык билдиребиз. «Банктар аралык процессинг борбору» өзү тараптан BC Card Kyrgyzstan өнүктүрүү үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтөт!» — деп өз сөзүндө билдирди «БАПБ» ЖАК Башкармалыгынын төрайымы Жамангулова Каныкей Жолчуевна.

Кыргыз Республикасынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногунда «Банктар аралык процессинг борбору» маанилүү функцияларды аткарат: «Элкарт» улуттук төлөм системасы тарабынан сунушталган төлөм системасынын көз карансыздыгын камсыз кылуу жана бардык төлөм системаларынын локалдык операцияларын иштетүү.

Бул долбоорго катышуу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү үчүн негизги учурлардын бири болуп саналат, бул жакынкы жылдарга «БПБ» ЖАКтын стратегиясына ылайык Коомдун негизги милдеттеринин бир болуп саналат.