Меню

15-мартта «Digital Kyrgyzstan» PLUS-Форуму өтөт, ага демөөрчү катары Банктар аралык процессинг борбору катышат.

Форумда инновациялык технологияларды мамлекеттик органдарга, банктарга, финтех жана чекене соодага киргизүү боюнча бир катар маселелер талкууланат.

Улуттук жана эл аралык коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берген накталай эмес төлөм системасын ишке ашыруучу компания катары Банктар аралык процессинг борбору бул иш-чарага колдоо көрсөтпөй коё алган жок. «МПК» ЖАК накталай эмес төлөмдөрдүн туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн, үзгүлтүксүз аткарылышын камсыздайт, ошондой эле заманбап өнүмдөрдү жана кызматтарды тынымсыз өнүктүрөт.