Меню

Өткөн жекшембиде. 4-июнда «БПБ» ЖАК расмий демөөрчү болгон ТООЛОР ХАНДЫГЫ – апхилл ивент 2023 аталышындагы ден соолук жарманкесинин жыл сайын өтүлүүчү инклюзивдик үй-бүлөлүк фестивалы болуп өттү.

Иш-чарада спорттук мелдештер, мастер-класстар менен жарманке, сынактар, викториналар ошондой эле жаратылышта үй-бүлөлүк эс алуу менен айкалышты. “ТООЛОР ХАНДЫГЫ” фестивалы бир гана спорт майрамы эмес, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар кайрымдуулук фонддору жана уюмдары үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат. Анткени, социалдык багыттагы концепциянын аркасында жарышка угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар катышат.

«БПБ» ЖАК командасы да четте калбастан, 350 м бийиктикке чуркоо категориясына катышты. II жана III орундарды – Маалыматтарды талдоо жана отчеттуулукту өнүктүрүү администратору Нуркыз Шопокова жана Маалыматтар базасынын улук администратору Асел Макаева ээледи. Категориянын татаалдыгына карабастан бардык катышуучулар аралыкты ийгиликтүү аякташты.