Меню

Кыргызстандыктар үчүн Кытайда товарлар жана кызматтар үчүн Alipay+ эл аралык тармагы аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болду. Жаңы сервис «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын («Элкарт») Alipay+ менен интеграцияланышынын негизинде ишке кирди. Бул ELQR аркылуу жүргүзүлүүчү көнүмүш QR-төлөмдөрдү эл аралык деңгээлге чыгарды.

Эми Кытайда жүргөн «Элкарт Мобайл» тиркемесинин колдонуучулары сатып алуулар үчүн төлөмдү түз эле смартфону аркылуу Alipay+ QR-коддору менен жүргүзө алышат.

Эл аралык QR-төлөм кызматын колдонуу үчүн «Элкарт Мобайл» тиркемесин акыркы версиясына чейин жаңыртуу же ал түзмөккө жүктөлө элек болсо, орнотуу жетиштүү.

Чет өлкөдө жүргөндө төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
• «Элкарт Мобайл» тиркемесин ачуу;
• «Кызматтар» бөлүмүнө өтүп, Alipay+ кызматын тандоо;
• Alipay+ логотиби бар сатуучунун QR-кодун сканерлөө же төлөм жүргүзүү үчүн өзүңүздүн QR-кодуңузду көрсөтүү.

Төлөм C2B (Customer-to-Business) модели боюнча, башкача айтканда, кардардан соода-сервистик ишканага жүргүзүлөт. Кызмат жеке жактардын товарлар жана кызматтар үчүн эсептешүүсүнө гана арналган.

Мында каражат операция жүргүзүлгөн учурдагы актуалдуу курс боюнча сом менен комиссиясыз эсептен чыгарылат, ал эми колдонуучу операцияны ырастоого чейин эсептен чыгарыла турган так сумманы көрө алат.

Белгилей кетсек, учурда сервис Alipay+ тармагына туташкан соода-сервистик ишканаларда, анын ичинде Кытайда, офлайн төлөмдөр үчүн гана жеткиликтүү. Азырынча маркетплейстерде, интернет-дүкөндөрдө жана башка онлайн аянтчаларда төлөм жүргүзүү мүмкүн эмес. Учурда сервистин функционалын мындан ары кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, колдонуучу Alipay+ аркылуу төлөм жүргүзүү жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн бирине келгенде, тиркеме автоматтык түрдө push-билдирүү жөнөтүп, тиешелүү сервисти активдештирет.

Кызматты колдонуу үчүн кошумча тиркемелерди орнотуу, чет өлкөлүк аккаунт ачуу же өзүнчө каттоодон өтүү талап кылынбайт. Бардык керектүү функционал «Элкарт Мобайл» тиркемесине камтылган жана Кыргызстан банктары тарабынан чыгарылган Элкарт карталарынын ээлерине жеткиликтүү.

БПБда белгилешкендей, эл аралык QR-төлөмдөрдүн ишке кириши кыргызстандыктар үчүн санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат. Келечекте сервистин мүмкүнчүлүктөрүн жана колдонуу географиясын дагы кеңейтүү пландалууда.

Эске салсак, «БПБ» ЖАКтын («Элкарт») Alipay+ менен интеграцияланышынын натыйжасында кыргызстандыктарга Казакстанда жана Малайзияда QR-төлөмдөр аркылуу эсептешүү мүмкүнчүлүгү буга чейин эле жеткиликтүү болгон. Июнь айынын аягына чейин колдонуучулар Alipay+ эл аралык тармагына туташкан 60тан ашуун өлкөдө жана аймактарда төлөм жүргүзө алышат. 

Эми QR-код аркылуу көнүмүш төлөмдөр өлкө ичинде гана эмес, анын чегинен тышкары да жеткиликтүү болуп, кыргызстандыктардын чет өлкөгө болгон сапарларын дагы ыңгайлуу, коопсуз жана комфорттуу кылат.