18-майынан 19-майына караган түнү саат 01:00дөн 03:00гө чейин техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.
Аталган мезгил аралыгында Элкарт / VISA / UPI / Mastercard карталары боюнча, “БАПБ” ЖАК (Элкарт) тарабынан эмиссияланган карталар үчүн төмөнкү каналдарда айрым операциялар убактылуу жеткиликсиз болот:
• перифериялык түзмөктөрдө – банкоматтарда жана POS-терминалдарда;• электрондук коммерция сервистеринде (интернет-төлөмдөр)
• «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесинде;
• катышуучу банктар колдонгон фронттук жана бэк-офистик веб-сервистерде.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн убакыт аралыгында “БАПБ” ЖАК (Элкарт) тарабынан тейленген төмөнкү түзмөктөр жана сервистер дагы убактылуу жеткиликсиз болот:
• банкоматтар жана POS-терминалдар;
• интернет-төлөм сервистери (E-comm);
• ошондой эле Өз ара аракеттенүү операторунун жана веб-сервистердин алкагындагы операциялар.
Түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар жана кызматташтыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
