“БАПБ” ЖАК (Элкарт) тарабынан банктык коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирген салттуу «Мозгобойня» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Бул иш-чара төртүнчү жыл катары менен уюштурулуп келет. Быйыл иш-чарага банк секторунан 17 команда катышып, ар бир командада бештен адам болду.
Оюн интерактивдүү квиз форматында өтүп, катышуучуларды тексттик, музыкалык жана визуалдык ар кыл темадагы суроолор күттү.
Келген конокторду БАПБ ЖАКтын Башкармалыгынын мүчөсү Дамира Абдурахманова куттуктоо сөзү менен тосуп алды. Ал өз сөзүндө кесиптештерди Улуттук валюта күнү жана Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, мындай демилгелер кесиптик коомчулукту чыңдоодо, команда ичинде өз ара аракеттенүүнү жана корпоративдик маданиятты өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи.



Интеллектуалдык мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүчө аныкталды:
1-орун – «Бакай Банк» командасы
2-орун – «ЕСБ» командасы
3-орун – «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы»командасы
Жеңүүчүлөр грамоталар жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Бирок эң негизгиси – жылуу атмосфера, жандуу баарлашуу жана командалык духтун аркасында эч ким күчтүү эмоциясыз калган жок. «Мозгобойня» көптөн бери жөнөкөй квиздин чегинен чыгып, банктык коомчулуктун жыл сайын өзгөчө маанай менен күтүлгөн жакшы салтка айланды.



