«МПЦ» ЖАКынын («Элкарт») башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков ушул күндөрү MoMents 2026 эл аралык форумуна катышууда.
Иш чара Ant International тарабынан Куала-Лумпур шаарында уюштурулган. Бул сапар эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана улуттук төлөм системасын дүйнөлүк рынокко илгерилетүү багытындагы маанилүү кадам болду.
Форумдун алкагында Алтымыш Туратбеков тармактагы негизги оюнчулар менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Негизги көңүл өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана накталай эмес төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн арттырган заманбап чечимдерди киргизүүгө бурулду.

Маанилүү учурлардын бири – Алтымыш Туратбеков менен Пан Яндын жолугушуусу болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Alipay+ платформасы менен интеграция ийгиликтүү аяктаганы тастыкталды. (Alipay+ бул Ant International компаниясынын бирдиктүү төлөм шлюзу.) Учурда «Элкарт» улуттук төлөм системасы өндүрүштүк чөйрөдө тестирлөөдөн өтүп, алгачкы ийгиликтүү транзакциялар жүргүзүлдү. Долбоор ишке киргизүүнүн алдында турат жана жакынкы убакта колдонуучуларга сунушталат.
Кыргызстанда Alipay+ сервисинин ишке кириши накталай эмес төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кызматтарды колдонуучулар үчүн дагы ыңгайлуу кылат.
UnionPay International компаниясынын башкы директору Ларри Ван менен жолугушууда «Элкарт-UnionPay» кобейдж карталык долбоорунун ишке ашырылышы талкууланып, анын мындан аркы өнүгүү кадамдары белгиленди.
Мындан тышкары, Алтымыш Туратбеков пакистандык Easypaisa жана NayaPay компаниялары, ошондой эле Бангладештеги bKash өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кызматташууга кызыгуу эки тараптан тең жогору: Кыргызстанда жашап, иштеп жана билим алып жаткан Пакистан жана Бангладеш жарандары арасында тез жана ыңгайлуу акча которууларга суроо-талап жогору экени белгиленди.

Адаттагыдай эле MoMents форумы дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн банктарды, жөнгө салуучу органдарды жана финтех-компанияларды бириктирет. Бул жылы иш-чара Visit Malaysia 2026 программасынын алкагында өтүп, ага ишкердик гана эмес, стратегиялык маанини да берет.
«Элкарт» үчүн мындай форумга катышуу бул жөн гана тажрыйба алмашуу эмес, эл аралык төлөм экосистемасындагы позицияларын ырааттуу бекемдөө болуп саналат.
