16-апрелде саат 1:00дөн 6:00гө чейин “БАПБ” ЖАКта системаны жаңыртуу үчүн техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.
Бул тейлөө кызматтардын туруктуулугун жана сапатын жакшыртууга, ошондой эле эл аралык төлөм системасынын талаптарына шайкештигин камсыз кылууга багытталган.
Саат 1:00дөн 6:00гө чейин “БАПБ” ЖАК тарабынан чыгарылган Элкарт/VISA/UPI/Mastercard карталары менен транзакциялар, ошондой эле банкоматтар, POS-терминалдар, онлайн төлөмдөр жана “Элкарт Мобайл” тиркемеси сыяктуу эквайринг кызматтары убактылуу жеткиликсиз болот.
Түшүнгөнүңүз үчүн рахмат.
