Меню

“БАПБ” ЖАК өлкө боюнча өтүп жаткан Дүйнөлүк акча жумалыгына (Global Money Week) кошулду. Демилгенин алкагында компания STEAM мектебинин окуучулары үчүн лекция уюштуруп, финансылык сабаттуулуктун негиздерине өзгөчө көңүл бурду.

 

Окуучуларга акчанын түзүлүшү жана банк тутумундагы ролу жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, маанилүү турмуштук көндүмдөр талкууланды: «каалайм» менен «керек» түшүнүктөрүнүн айырмасы, финансылык максаттарды коюу жана аларга этабы менен жетүү жолдору.
Коопсуздук маселелери да өзгөчө көңүл борборунда болду – айрыкча, акыркы учурда көбөйүп жаткан онлайн алдамчылыктын шартында финансылык жана санарип коопсуздук тууралуу кеңири маалымат берилди.
Окуучулар үчүн чыгармачыл тапшырма да сунушталды: «Белгилүү бир суммадагы акчаны эмнеге жумшайт элем?» деген темада эссе жазуу. Жооптор чынчыл жана ойлонулган болду – көпчүлүк катышуучулар жакындарына жардам берүү, билим алуу жана келечек максаттары тууралуу жазышты.Мындай иш-чаралар калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган системалуу иштин бир бөлүгү болуп саналат.