Меню

“БАПБ” ЖАКтан KICB менен биргеликте картасын активдүү колдонгон жана күнүмдүк төлөмдөрүнөн көбүрөөк пайда алгысы келгендер үчүн “Элкарт+ артыкчылык алыңыз” акциясын баштады.

«Элкарт+» – бул Кыргызстан боюнча дүкөндөрдө, кафелерде, медициналык борборлордо, тейлөө пункттарында жана онлайн режиминде төлөмдөр үчүн ыңгайлуу заманбап байланышсыз карта.

KICB «Элкарт+» картасы менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөгөн активдүү колдонуучулар акцияга автоматтык түрдө катышышат.

Ар жума сайын үч колдонуучу 10 000 сомдон алышат — эң көп накталай эмес сатып алууларды жасагандардын арасынан.

Акциянын башкы байгеси – ЭКИ АДАМГА САЯКАТ, ал акциянын жүрүшүндө эң активдүү карта колдонуучусуна берилет.

Акцияга катышуудан тышкары, «Элкарт+» карта ээлери бир катар үзгүлтүксүз артыкчылыктарга ээ болушат. Аларга Манас эл аралык аэропортундагы атайын шарттар кирет:

  • Бизнес-залга кирүү 1300 сомдук атайын баада (чексиз сандагы келүүлөр);
  • Багажды ороо кызматы 400 сом (жылына чексиз сандагы келүүлөр).

Картанын кошумча артыкчылыгы – баланс боюнча жылдык 3 пайыздык үстөк акы, эгерде баланс 10 000 сомдон кем эмес болсо, ошондой эле биринчи жыл үчүн акысыз карта берүү жана акысыз тейлөө.

«Элкарт+» картасына онлайн режиминде KICB мобилдик тиркемеси аркылуу же каалаган банк бөлүмүнөн кайрылсаңыз болот.

Акция 2026-жылдын 10-майына чейин уланат.