БАПБ QR төлөмдөрүн иштетүүгө байланыштуу пландаштырылган техникалык түзөтүүлөрдү аяктады. Бардык иштер пландалгандай жүрүп жатат жана биздин инфраструктурага туташкан банк карталарынын же кызматтардын иштешине таасир этпейт.
Бул түзөтүүлөр банк мобилдик тиркемелеринин жеткиликтүүлүгүнө же алардын ички функцияларына таасир этпейт. Тиркемелерге кирүү, жүктөө ылдамдыгы, маалыматтарды туура көрсөтүү жана башка функциялар банктардын ички системаларына көз каранды.
БАПБ инфраструктурасы туруктуу иштеп жатат жана төлөмдөрдү кадимкидей иштетүүнү камсыздайт. Транзакцияларды иштетүүдөгү мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү кечигүүлөр тиркемелердин жеткиликтүүлүгүнө же алардын техникалык абалына байланыштуу эмес.
БАПБ банктар аралык төлөм инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууну улантууда жана кызматтардын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн банктар жана өнөктөштөр менен кызматташууга ачык.
