Меню

“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК (“Элкарт” Улуттук төлөм системасынын оператору) жана Алипей+ эл аралык платформасы Алипей+/ELQR интеграциясынын алкагында биринчи тесттик операцияны ийгиликтүү аяктады. Тесттик операция “Банктар аралык процессинг борбору” (БАПБ) ЖАКтын төрагасы Алтымыш Туратбековдун Кытайга жумушчу сапарынын алкагында Шанхайдагы Алипей+ кеңсесинде өткөрүлдү.

Жолугушуу учурунда Алипей менен QR код менен төлөө тести өткөрүлдү. Жыйынтыгы ийгиликтүү болуп, интеграциялоо иштери планга ылайык активдүү жана толук кандуу жүрүп жатканын тастыктады. Кызматташтыктын бул жаңы этабы кыргыз жарандары жана коноктору үчүн санариптик төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн ачат.
“БАПБ” ЖАКтын төрагасы Алтымыш Туратбеков биринчи этапта колдонуучулар Алипей+ аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн QR кодду колдонуп, тез, ыңгайлуу жана кошумча кадамдарсыз төлөй ала тургандыгын белгиледи. Экинчи этапта долбоор кеңейтилип, төлөмдөр эки багытта тең жүргүзүлөт, бул QR төлөмдөрүнүн өз ара кабыл алынышын камсыздайт.

Эске сала кетсек, сентябрь айында Кытайдын Шанхай шаарында “БАПБ” АЖК жана Алипей+ өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Бул документ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат: чек ара аркылуу төлөмдөрдү, санариптик кызматтарды жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү. Келишим Кыргызстан менен Кытайдын, ошондой эле Алипей+ иштеген өлкөлөрдүн ортосунда санариптик көпүрөнү натыйжалуу түрдө түзөт.

Маалымат үчүн:
Алипей+ – Ant International компаниясынын эл аралык санариптик төлөмдөр платформасы. Ал дүйнөдөгү алдыңкы электрондук капчыктарды жана төлөм тиркемелерин бириктирет, 57 өлкөдө жана аймактарда иштейт жана он миллиондогон соодагерлерге кызмат көрсөтөт. Бул кызмат колдонуучуларга чет өлкөлөрдөгү сатып алуулар үчүн сүйүктүү тиркемесин колдонуп төлөөгө мүмкүндүк берет, ал эми ишканалар миллиондогон кардарлардан төлөмдөрдү кабыл ала алышат, бул транзакциялардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздайт.