“Элкарт” Улуттук төлөм системасы чек ара аркылуу транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти: колдонуучулар эми каражаттарды Uzcard карталарына “ЭлкартМобайл” мобилдик тиркемеси аркылуу түз которо алышат.
Өзбекстанга которуу үчүн, жөн гана төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:
- «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин ачыңыз.
- “Кызматтар жана төлөмдөр” → “Банктык кызматтар” бөлүмүнө өтүңүз.
- “Эл аралык банктык кызматтар” категориясын тандаңыз.
- “Өзбекстан карталарын толуктоо (Uzcard)” кызматын ачыңыз.
- Алуучунун картасынын номерин жана которуунун суммасын киргизиңиз.
- Маалыматтын тууралыгын текшерип, транзакцияны ырастаңыз.
Которуу бир нече секунданын ичинде аяктайт.
Бул кызмат бүгүнкү күндө колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болгон Өзбекстанга каражаттарды тез, ыңгайлуу жана коопсуз жөнөтүү жолун камсыз кылат.
