Меню

«Элкарт+» картасы акырындык менен жөн гана төлөм каражаты болуудан чыгып, кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн тутумуна айланууда. Негизги жаңылык – эми карта ээлерине «Манас» аэропортунда дагы бир артыкчылык жеткиликтүү болду.

Сиз «Манас» аэропортуна келгенде айлана адаттагыдай кымгут болуп турат. Бирок «Элкарт+» картасынын ээлери жалпы күтүү залынын ордуна бизнес-залга өтө алышат. Ал жерде жумшак отургучтар, даамдуу кофе, гаджеттерди кубаттоо мүмкүнчүлүгү жана учууга чейин тынч даярдануу шарттары бар. Бул кызматтын баасы — болгону 1300 сом.

Ал жерде жүктөрүңүз үчүн да кам көрүлгөн. Чемоданды ороп берүү кызматы 400 сомго жеткиликтүү. Бир нече мүнөт — сиздин буюмдарыңыз ишенимдүү коргоодо.

Бүгүн «Элкарт+» — бул жөн гана төлөм каражаты эмес, кошумча мүмкүнчүлүктөрдүн бүтүндөй экосистемасы. Өнөктөш банктар, онлайн жана офлайн төлөмдөр, ар кандай                      банктардын карталарын бириктирүүгө мүмкүн болгон ыңгайлуу мобилдик тиркеме — баары бир продуктта топтолгон. Ар бир жаңы опция — ыңгайлуулук жана                                            жеткиликтүүлүк багытындагы кадам.

«Элкарт+» — жаңы мейкиндиктерди ачкан карта.