Меню

«БАПБ» ЖАК Санариптик кызматтар департаментинин адисинин кызматына конкурс жарыялайт

Сиз өз потенциалыңызды ишке ашырып, бийик максаттарга жетүүнү, ийгиликтүү профессионалдар командасынын бир бөлүгү болгуңуз келеби? Анда биз сизди күтөбүз!

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

  • Экономика, бизнести башкаруу, маркетинг же маалымат технологиялары боюнча жогорку билим;
  • Банктык кызматтарда, төлөм системаларында же FinTech тармагында же тиешелүү тармакта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • Окшош кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Чөйрөөдөгү билимдер:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук-методикалык материалдары, банк мыйзамдары, башкаруу принциптери, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү;
  • долбоорлорду башкаруу методологиялары;
  • продукцияны башкаруунун стандарттарын жана принциптерин билүү;
  • ченемдик документтерди жүргүзүү жана түзүү эрежелери;
  • бизнес процесстерин талдоо ыкмаларын жана принциптерин билүү;
  • экономикалык анализдин негиздерин, баа түзүүнүн, пландаштыруунун жана бюджеттин негиздерин билүү;
  • санариптик технологиялардын негиздери жана финансылык технологиялар тармагында колдонулуучу инновациялык чечимдерди билүү.

Кызматтык милдеттери:

  • уюштуруу жөндөмдүүлүгү;
  • пландарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууну координациялоо, команданын ичинде;
  • расмий сүйлөшүүлөрдү жана кат алышууларды жүргүзүү;
  • Санарип технологиялары жана каржылык технологиялар (FinTech) секторуна тиешелүү инновациялык чечимдер, анын ичинде блокчейн, жасалма интеллект, процесстерди автоматташтыруу, ошондой эле төлөм системалары жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр индустриясындагы негизги тенденциялар, өнүгүү процесстерин, инструменттерин жана ыкмаларын түшүнүү.
  • сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, семинарларга катышуу, кат жазуу жана англис тилиндеги материалдар жана документтер менен иштөө үчүн англис тилин билүү;
    адамдар менен жана командада иштей билүү;
  • Команданын ишмердүүлүгүнүн алкагында санариптик кызматтар боюнча квалификациялуу консультацияларды берүү мүмкүнчүлүгү;
    ченемдик документтерди, меморандумдарды жана башка документтерди иштеп чыгуу көндүмдөрү;
  • прогноздоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу, маселеге комплекстүү көз карашта болуу, коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу;
    өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон компьютерлер жана башка оргтехника менен иштей билүү.

Биз сизге эмнени сунуштай алабыз:

  • ЭЛКАРТта FinTech чөйрөсүндөгү масштабдуу, татаал жана чыныгы кызыктуу долбоорлордо иштөө;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орношуу (оорулуу өргүүдө, 28 календардык күн өргүү);
  • Татыктуу айлык.

Сизди биздин ынтымактуу компаниянын катарында көргөнүбүзгө кубанычтабыз!

hr@ipc.kg электрондук дарегине 30.09.2025-ж. кечиктирбестен толтурулган анкета жана “Санариптик кызмат департаментинин адиси” деген темада резюме тапшырышыңыз керек. Анкетаны www.ipc.kg расмий сайтынан тапса болот («Ишке кабыл алуу процесси» бөлүмүндө).