«БАПБ» ЖАК Стратегиялык жана инновациялык долбоорлор департаментине Team Lead вакансиясын жарыялайт
Эгерде сиз өз потенциалыңызды ишке ашырып, бийик максаттарга жетүүнү кааласаңыз, ийгиликтүү профессионалдар командасынын мүчөсү болгуңуз келсе, анда биз сизди күтөбүз!
Кызматтык милдеттери::
- уюштуруу жөндөмдүүлүгү;
- пландарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууну координациялоо, анын ичинде сиздин команданын ичиндеги жоопкерчилик чөйрөлөрүн так бөлүштүрүү;
- расмий сүйлөшүүлөрдү жана кат алышууларды жүргүзүү;
- санариптик технологияларды жана финансылык технологиялар (FinTech) чөйрөсүндө колдонулуучу инновациялык чечимдерди, анын ичинде блокчейн, жасалма интеллект, процесстерди автоматташтыруу, ошондой эле төлөм системалары жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр индустриясындагы негизги тенденцияларды билүү, өнүгүү процесстерин, инструменттерин жана ыкмаларын түшүнүү;
- англис тилин же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, семинарларга катышуу, кат жазуу жана англис тилиндеги материалдар жана документтер менен иштөө үчүн англис тилин билүү же автоматтык которуу куралдарын колдонуу көндүмдөрү;
- адамдар менен жана командада иштей билүү;
- Команданын ишмердүүлүгүнүн алкагында санариптик кызматтар боюнча квалификациялуу кеңештерди берүү мүмкүнчүлүгү;
- ченемдик документтерди, меморандумдарды жана башка документтерди иштеп чыгуу көндүмдөрү;
- прогноздоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу, маселеге комплекстүү көз карашта болуу, коюлган милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылуу;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон компьютерлер жана башка оргтехника менен иштей билүү.
Талапкерлерге талаптар:
Экономика, бизнести башкаруу, маркетинг же маалымат технологиялары боюнча жогорку билим;
Тиешелүү тармакта 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Окшош кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Биз сизге эмнени сунуштай алабыз:
ЭЛКАРТта FinTech тармагындагы масштабдуу, татаал жана чыныгы кызыктуу долбоорлордо иштөө;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык официалдуу ишке орношуу (оорулуу өргүү, 28 календардык күндүк өргүү);
Татыктуу айлык.
Сизди биздин ынтымактуу компаниянын катарында көргөнүбүзгө кубанычтабыз!
29.08.2025-жылдан кечиктирбестен hr@ipc.kg электрондук дарегине «Стратегиялык жана инновациялык долбоорлор департаментинин топ жетекчиси» темасы менен толтурулган анкета жана резюме тапшырыңыз. Анкетаны www.ipc.kg расмий сайтынан тапса болот («Ишке кабыл алуу процесси» бөлүмүндө).