Меню

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК Башкармалыктын жаңы төрагасы — Туратбеков Алтымыш Туратбекович болуп дайындалгандыгын билдирет.

Туратбеков Алтымыш Туратбекович  финансы жана банк секторунда 10 жылдан ашык кесипкөй тажрыйбага ээ жана өзүн стратегиялык демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырган жана командаларды эффективдүү башкарган компетенттүү жетекчи катары көрсөтө алды.

Башкармалыктын жаңы төрагасын дайындоо «БАПБ» ЖАКтын туруктуу өсүүгө, инновациялык өнүгүүгө жана рынокто өзүнүн позициясын бекемдөөгө умтулуусун чагылдырат, бул өз кезегинде операциялык натыйжалуулукту жогорулатууга, процесстердин санариптик трансформациясына жана өнөктөштүктүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

«БАПБ» ЖАК жамааты Башкармалыктын жаңы төрагасын жылуу кабыл алат жана Алтымыш Туратбековичтин жетекчилиги астында компания өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштайт деген ишенимин билдирет.