«Элкарт» УТС кышкы активдүү эс алууну сүйүүчүлөрү үчүн маанилүү иш-чаранын демөөрчүсү болуу менен өлкөдө спортту өнүктүрүүгө умтуларын дагы бир жолу тастыктады.
Өткөн дем алыш күндөрү ЗИЛ лыжа базасында лыжа жана сноуборд боюнча инструкторлор арасында мелдеш болуп, ага 49 катышуучу келген.
Бул сынактар инструкторлордун чеберчилигин, кесипкөйлүгүн сынап гана тим болбостон, алардын өнөрүн көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга да шарт түздү.
Сергек атаандаштыктын шартында катышуучулар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшүп, көрүүчүлөр көптөгөн позитивдүү эмоцияларды жана унутулгус таасирлерди алышты.
Бул иш-чараны уюштурууда «Элкарт» УТС колдоосу спорттук инфраструктураны жана активдүү жашоо образын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Мындай иш-чараларга демөөрчүлүк кылуу менен компания кышкы спорттун түрлөрүн жайылтуу менен чектелбестен, дени сак коомду калыптандырууга да салым кошууда.
ЗИЛ базасындагы мелдештер бизнестин спортту жана жарандардын спорттук иш-чараларга активдүү катышуусун колдоонун жаркын мисалы болуп калды. Өткөн мелдештердин ийгилиги жаңы жетишкендиктерге шыктандырат жана алардын умтулууларын колдоого даяр спортчулар менен уюмдардын ортосундагы байланышты бекемдейт.