«Банктар Аралык Процессинг Борбору» ЖАКтын 20 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарада 2024-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, «Элкарт» Улуттук Төлөм Системасын өнүктүрүүдө жана өлкөнүн каржы системасын чыңдоодо негизги ролду ойногон өнөктөштөр белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана инновациялык төлөм чечимдерин жайылтууга чоң салым кошкон номинанттар сыйлыктарды алышты. Сыйлангандардын арасында коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, мамлекеттик органдар, соода жана тейлөө ишканалары жана чек ара кызматташтыгын жигердүү өнүктүрүүгө көмөктөшкөн чет элдик өнөктөштөр бар.
Бул сыйлыктар биргелешкен күч-аракет өлкөнүн ар бир жаранынын жыргалчылыгы үчүн иштеген бирдиктүү жана ишенимдүү каржы системасын түзүүнүн негизи экендигинин далили. “БАПБ” ЖАК бардык өнөктөштөргө ишеними, кесипкөйлүгү жана жемиштүү кызматташуусу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Дал ушул координацияланган иштин аркасында алдыңкы технологияларды киргизүүгө, өлкөдө финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө мүмкүн болду.
Номинанты ЗАО «МПЦ» – 2024:
- «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ААК – контактсыз чечимдерди колдоо боюнча жылдын өнөктөшү
- «Айыл Банк» ААК – «Элкарт» акча которуулар боюнча жылдын банкы
- «Элдик Банк» ААК – «Элкарт» карталарын чыгаруу жана активдүүлүк боюнча жылдын банкы
- «О!Банк» ААК – «Элкарт» төлөм шаймандарын чыгаруу боюнча биринчи банк
- МBANK («Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК) – «Элкарт» карталарын колдонуу менен накталай эмес операциялар боюнча жыл банкы
- «Компаньон Банк« ЖАК – «Элкарт» электрондук коммерция төлөмдөрүнүн көлөмү боюнча жылдын банкы
- «ФИНКА Банк» ЖАК – «Элкарт Бизнес» продуктусун өнүктүрүү боюнча жылдын банкы
- «Дос-Кредобанк» ААК – «Элкарт карталарын толуктоо» продуктусу боюнча жылдын банкы
- MEGA Pay («Кыргызмобайлкомпани» ЖЧК) – «Элкарт Pay» продуктусун өнүктүрүү боюнча жылдын банкы
- «Фридом Пэй Кыргызстан» ЖЧК – «Элкарт» электрондук коммерция төлөмдөрүн өнүктүрүү боюнча жылдын өнөктөшү
- «Айыл Банк» ААК – «Элкарт» жаңы продуктыларын активдуу ишке ашыруу боюнча жылдын өнөктөшү
- «ФИНКА Банк» ЖАК – региондордо «Элкарт» жана QR өнүктүрүү боюнча жылдын банкы
- «БАКАЙ БАНК» ААК – ELQRдагы C2C төлөмдөрү боюнча жылдын банкы
- МBANK («Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК) – ELQRда активдүү колдонуучулардын саны боюнча жылдын банкы
- O!Деньги («Грин Телеком Сервис» ЖЧК) – СТИлерде ELQR бизнесин илгерилетүү боюнча жылдын өнөктөшү
- «Банк Компаньон» ЖАК – «Элкарт Мобайл» тиркемесинде QR-төлөмдөүн колдоо боюнча жылдын өнөктөшү
- «Элдик Банк» ААК – ELQRда мамлекеттик төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча жылдын банкы
- КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» МИ – ELQRда мамлекеттик төлөмдөрдү өнүктүрүү кошкон салымы үчүн жылдын өнөктөшү
- «BM Technologies» ЖЧК – «Элкарт Мобайлда» кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча жылдын өнөктөшүа
- МBANK («Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК) – ELQRдагы C2B төлөмдөрү боюнча жылдын банкы
- «О!Банк» ААК – ELQRдагы C2B төлөмдөрү боюнча жылдын банкы
- Globus гипермаркет тармагы («Умай Групп» ЖЧК) – өзүн өзү тейлөө кассаларында QR төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча жылдын өнөктөшү
- «Азия» гипермаркет тармагы («Азия Ритейл» ЖАК) – чекене соодада QR төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча жылдын өнөктөшү
- «Партнер нефть» ЖЧК – күйүүчү-майлоочу майлар тармагында QR төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча жылдын өнөктөшү
- «Синематика» кинотеатрлар тармагы – эффективдүү медиа-кызматташуусу боюнча жылдын өнөктөшү
- HUMO Төлөм системасы (Өзбекстан Республикасы) – эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн жылдын өнөктөшү
- UZCARD Төлөм системасы (Өзбекстан Республикасы) – эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жылдын өнөктөшү