Урматтуу колдонуучу,
Системанын ишин жакшыртууга техникалык иштер тууралуу маалымдайбыз. Буга байланыштуу 2024-жылдын 27-ноябрына караган түнү саат 01:00дөн 04:00гө чейин төмөндөгүлөр убактылуу иштебейт:
- «БАПБ» ЖАК тарапта иштелип чыккан Элкарт, VISA, UPI жана MasterCard карталары боюнча транзакциялар
- Перифериялык түзмөктөрдө тейлөө
- «Элкарт Мобайл» жана «Элкарт Трейд» тиркемелериндеги кызматтар
Биз иштин убактысын эске алуу менен операцияларды пландаштырууну сунуштайбыз. Түшүнгөнүңүз үчүн рахмат жана ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз!