Меню

Бүгүн “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК Башкармалыгынын Төрагасы Каныкей Жамангулова Humo Улуттук банктар аралык процессинг борборунун (Өзбекстан) Төлөм системасынын 5 жылдыгына арналган майрамдык конференцияга катышты.

Эки өлкөнүн төлөм системалары өз ара эквайринг боюнча эбегейсиз биргелешкен долбоорду ишке киргизүү алдында турат, тактап айтканда, “Элкарт” карталары боюнча төлөмдөрдү Өзбекстандын аймагында жана “Humo” карталары боюнча төлөмдөрдү Кыргызстанда кабыл алуу алдында турат.

  • “Биз төлөм системаларын өнүктүрүүгө барабыз жана биздин өлкөлөрдө бирдиктүү экосистеманы түзөбүз”, – деп белгиледи өз сөзүндө Каныкей Жолучуевна. – Бул долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын финансылык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн гана эмес, эки мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн көптөгөн тармактарын өнүктүрүү үчүн жаңы дем берет”.

Каныкей Жолучуевна директор Курбанов Шухратбек Равшанбековичтин атынан Humo төлөм системасындагы өзбек кесиптештерин биринчи мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, жалпы ийгиликке жетүү жолунда ийгилик каалады.

“Элкарт” жана Humo карталарынын өз ара эквайрингин ишке киргизүү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Финансылык байланыштарды бекемдейт.