Меню

Дүйнөнүн 90 өлкөсүндө иш алып барган TietoEVRY эл аралык ІТ-интегратору Борбордук Азиядагы өнөктөштөрү үчүн салтка айланып калган жылдык форумун өткөрдү. Бул форум ар кайсы өлкөлөрдүн финтех-өкүлдөрүн транзакциялык банктык кызмат көрсөтүүлөр индустриясындагы жана инновациялык төлөм чечимдери чөйрөсүндөгү сонку тенденциялар менен тааныштырды.

“БАПБ” дээрлик 20 жылдан бери Кыргызстандагы TietoEVRY’нин жалгыз стратегиялык өнөктөшү болуп, өлкөнүн ичинде жана анын тышында улуттук төлөм системасын өнүктүрүп келе жатат. Иш-чаранын алкагында уюштуруучулар “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАКтын ишин жогору баалап, көп жылдык кызматташтыгы үчүн “Partnership Awards” сыйлык статуэткасын тартуулап, мындан ары да жемиштүү кызматташтык улана берээрине үмүт артышты.

Салтанаттуу аземде борбордук азиялык төлөм системаларын өнүктүрүүге жардам берген туруктуу жана ишенимдүү өнөктөштүк үчүн сыйлыктарды Кавказда, Украинада, Молдовада жана Борбордук Азияда бизнести өнүктурүү жана сатуу боюнча директор Ирина Гриншпан жана негизги кардарлар менен иштөө боюнча менеджер Вадим Юруш тапшырышты. Сыйлыкты алган “БАПБ” ЖАКтын Башкаруусунун төрагасынын орун басары Мирбакиев Рустам Кыргызстандагы төлөм бизнесин өнүктүрүүгө кошкон салымы бааланып жатканы үчүн TietoEVRY’нин өкүлдерүнө ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле анын жамааты революциялык финансылык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ири
пландарды ишке ашыруу менен сөзсүз түрде алдыга умтула берээрин баса белгиледи!