10-майда Кыргыз Республикасынын экономикалык көз карандысыздыгынын негизи болуп калган улуттук валютабызга – 31 жыл толот, ошондой эле 10-майда –Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү белгиленет.
“БАПБ” ЖАК банк секторунун бардык кызматкерлерин кош майрамы менен куттуктайт жана чын жүрөгүнөн чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубаттуулук, кызыктуу долбоорлорду, акылман финансылык чечимдерди жана бардык пландарды ишке ашырууда ийгилик каалайт!